Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:52

Анталияда сабалган Малика түрк прокуратурасына көрсөтмө берди


Малика Ноотиева.
Малика Ноотиева.

Бул тууралуу Малика Ноотиеванын адвокаты Энис Зияли "Азаттык" радиосуна билдирди. Анын айтымында,сабалган кыз боюнча кылмыш иши козголуп, бирок Маликанын ден соолугуна байланыштуу сурак болгон эмес:

- Биз догдурлардын берген маалымкатына таянып, көрсөтмө бере албай турганын айтып келгенбиз. Азыр деле Малика 10-15 эле сүйлөм айта алат. Бул аптада атасы, апасы жана Маликаны Коркутели прокуратурасына алып бардым. Маликанын сүйлөй албай турганын прокурор көрсүн дедик. Бир аз колдору менен көрсөтүп, жаңсап окуя болгон күндү айтып бергендей болду. Бул көрсөтмөгө ылайык эки шектүүнүн бирин кое беришти, ал эми негизги сабады деген шектүү камакта калды. Маликанын ден соолугу дале толук калыбына келе элек, ошондуктан кийинки сурак качан болору белгисиз.

23 жаштагы Малика Ноотиева былтыр 21-декабрда сабалып, эс-учун жоготкон абалда Анталиянын “Акдеңиз” ооруканасына түшкөн. Буга чейин башына үч жолу оор операция жасалып, баш сөөгүнө пластик коюлган. Ал эми аны сабады деген шек менен эки түрк жараны кармалган. Ишти Анталиянын Коркутели прокуратурасы тергеп жатат. Февралда Малика ооруканадан үйгө чыкккан, тергөөгө байланыштуу Анталияда жашап келүүдө. (ElB)

XS
SM
MD
LG