Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:09

Ооган күчтөрү Кундуздун жанындагы районду "Талибандан" кайра алды


Кундуздагы өкмөттүк күчтөр. 10-май, 2017-жыл.
Кундуздагы өкмөттүк күчтөр. 10-май, 2017-жыл.

Ички иштер министрлиги билдиргендей, алар Кала-и-Зал районун "Талибандан" бошотууга бүгүнкү операциянын учурунда жетишти.

Операциянын алкагында эң биринчи кезекте райондук бийликтин имараты, полиция кеңселери бошотулду.

Коргоо министрлиги операция учурунда бир согушкер жок кылынганын маалымдады. Бирок өкмөттүк күчтөр арасында жоготуу бар-жогу тууралуу эч нерсе айткан жок.

"Талибан" Кундуздун батышындагы Кала-и-Зал районун 6-майда, жазгы чабуулу башталганын жарыялагандан кийин басып алган.

Борбор Азия менен чектеш провинциянын борбору өкмөттүн колунда, бирок айланасындагы райондордун көбүн "Талибан" көзөмөлдөйт.

Акыркы бир жарым жылда талип согушкерлери Кундуздун борборун да кеминде эки ирет кыска мөөнөткө ээлөөгө жетишкен. (UE)

XS
SM
MD
LG