Мурдагы vамлекеттик катчы, былтыркы президенттик шайлоого катышып, бирок утулган Хиллари Клинтон жаңы уюшулуп жаткан саясий кыймылын «Алдыга карай бирге» деп атады.
Ал АКШ жарандарын саясатка аралашып, президент Трамптын администрациясына каршы башка топторду колдоого шыктандырууну максат кылууда.
69 жаштагы Клинтон өз чечими тууралуу жарыялап жатып, «акыркы бир нече айда ойлондум, үй-бүлөм менен убакыт өткөрдүм, токойдо бастым, жарандардын аралашуусун биздин демократия үчүн мурдагыдан да абдан маанилүү деп санайм. Уюшуп, башкарууга умтулган ар бир адаммени шыктандырат», - деп жазды.
Клинтон анын кыймылы колдоо көргөзө турган солчул беш топтун ысымдарын да атады.
Республикалык партиянын Улуттук комитетинин басма сөз катчысы Майкл Аренс Клинтондун жарыясын реалдуулукту толугу менен сезбей калгандык катары баалады.
Республикачылардын өкүлү белгилегендей, «эгер демократтар акылдуу болсо, алар Клинтондон ары кетүүнүн мезгили келгенин түшүнүшмөк». (UE)