Белгилүү журналист жана сатирик жазуучу Султан Акторпоктун (Жумагулов) "Кыргызча жашоо бормулалары" китебинин бет ачар аземи бүгүн Бишкектеги Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада өттү. Ага автордун кесиптештери, санаалаштары, китеп сүйүүчүлөр, адабиятчылар, Жогорку Кеңештин депутаттары, журналисттер келишти.
Китепке автордун өткөн кылымдын соңку жылдарынан бери карай жазылган чыгармалары кирген. Аларда совет доору урай баштаган жана эгемен мамлекет болгон учуру, эски менен жаңы доор тогошкон мезгилдеги кыргыз турмушу чагылдырылган.
Жаңы кылымга чейинки жазылган аңгемелеринен шаар турмушуна эми үйүр ала баштаган кыргыздардын ар кыл тагдырлары камтылган. Бир катар сатиралык чыгармалары советтик бюрократияны жана кыргыз турмушундагы өксүк каада-салттарды ашкерелейт.
Китептин 2-бөлүгүндө автордун публицистикалык макалалары басылган. Анда негизинен кыргыздардын жашоо образы, ой жүгүртүүсү, үрп-адаттарынын көбү өсүп-өнүүгө кедергисин тийгизип жатканы баяндалган.
Китеп Бишкектеги "Имак" басмаканасынан 500 нускада жарык көргөн.
Султан Жумагулов Кыргызстандагы белдүү журналисттердин бири. Эмгек тажрыйбасында совет доорунда "Ленинчил жаш", "Эркин-Тоо" гезиттеринде, кийин "Асаба" гезитинде, "Би-Би-Си" радиосунун кыргыз кызматында кабарчы болуп иштеп, "Азаттык" радиосунун Бишкектеги кеңсесин да жетектеген. ЭлТР жана КТРКда башкы директорлук кызматтарды да аркалаган. (NT)