Линктер

шаршемби, 22-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 21:00

Оштун Чоң-Алай районунда жер силкинүүдөн жабыркаган тургундарга өкмөт гуманитардык жардам жеткире баштады. 16-майдагы расмий кабарга ылайык, Кара-Тейит, Карамык, Жекенди жана Шибээ айылдарына курулуш материалдарынын биринчи партиясын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жеткирди.

Маалыматка караганда, 120 тонна цемент тургундарга арзандатылган баада, 5 сом 10 тыйындан берилип жатат. Базардагы баа 5 сом 70 тыйынды түзөрүн өкмөттүн Оштогу өкүлчүлүгү билдирди. Дагы 80 тонна цемент жөнөтүлөт.

Андан тышкары, обладминистрация 10 тонна азык-түлүк, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги баш калкалоочу чатырларды гуманитардык жардам иретинде берди.

Ош облусунун Чоң-Алай районунда 3-5-май күндөрү күчү 7 баллга чейин бир канча жер силкинүү катталган. Жүздөгөн үйлөрдөн жарака кетип, авариялык абалга кептелген. Андан бери эл чатырларда жашап жатышат. Жер титирөөдөн Баткен облусунун Кадамжай районунда да ондогон турак жайларга жарака кеткен. (SE)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG