Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:18

Трамп Орусия менен чалгын маалыматты бөлүшүү укугун коргоду


АКШ президенти Орусия тышкы иштер министри менен жолуккан учур. Вашингтон, 10-май, 2017-жыл.
АКШ президенти Орусия тышкы иштер министри менен жолуккан учур. Вашингтон, 10-май, 2017-жыл.

АКШнын президенти бүгүн Твиттердеги баракчасында жазгандай, анын Орусия менен маалыматты бөлүшүүгө “абсолюттук укугу” бар.

“Президент катары мен Орусия менен терроризмге жана аба каттамдардын коопсуздугуна байланышкан фактыларды бөлүшкүм келген”, - деди Трамп.

Мунун алдында америкалык медиа президент Дональд Трамп Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен өткөн аптадагы жолугушуусунда өтө жашыруун маалыматты ачыктоо менен “Ислам мамлекети” экстремисттик уюму тууралуу чалгын маалыматтардын булагына потенциалдуу коркунуч келтиргенин маалымдаган.

“Вашингтон Пост” гезитинде, "Рейтер" агенттигинде жана башка маалымат каражаттарында айтылган бул айыптоону Ак үй жана мамлекеттик катчы Рекс Тиллерсон дароо эле төгүндөп, Трамптын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Геберт МакМастер аларды “жалган” деп сыпаттады.

Америкалык медиадагы маалыматтарды Кремл да “толугу менен нонсенс”деп мүнөздөдү.

Бирок Конгресстеги демократтар, республикачылардын айрымдары да жашыруун делген маалыматтын ачыкталуусун айыптап, аны “кооптондурарлык”, “коркунучтуу” жана “акылсыздык” деп аташты.

Америкалык медианын ысымы айтылбаган расмий өкүлдөргө шилтеме жасап жазганына караганда, президент Трамп орус тышкы иштер министри Сергей Лавров, Орусиянын Вашингтондогу элчиси Сергей Кисляк менен 10-майдагы кездешүүсүндө АКШга өнөктөш өлкө берген маалыматты ачыктаган.

Америкалык медиа өз кабарларында белгилегендей, өнөктөш өлкө Вашингтонго ал чалгын маалыматтарын Орусия менен бөлүшүүгө уруксат берген эмес.

Ал эми президент Трамптын мындай кадамга барышы, америкалык медиа шилтеме жасаган булактардын айтымында, “Ислам мамлекети” тобунун ички иштерин биле алган өнөктөш өлкөлөр менен АКШнын кызматташтыгын коркунучка кептейт. (UE)

XS
SM
MD
LG