Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:28

Сирия АКШнын массалык кыргын боюнча айыптоосун четке какты


Баш калаа Дамасктан 45 мүнөт аралыкта жайгашкан Сайедная аскерий түрмөсү
Баш калаа Дамасктан 45 мүнөт аралыкта жайгашкан Сайедная аскерий түрмөсү

Сириянын өкмөтү Кошмо Штаттардын түрмөдөгү массалык кыргын жана өлтүрүлгөндөрдүн сөөгүн өрттөө үчүн крематорий колдонулганы жөнүндөгү айыптоосун “толугу менен негизсиз” деп атады.

Тышкы иштер министрлигинин мамлекеттик САНА агенттиги тараткан билдирүүсүндө мындай айыптоо америкалык “агрессияны жана интервенцияны” актоого багытталган “жаңы голивуддук кутум” деп да мүнөздөлгөн.

Кечээ Президент Дональд Трамптын администрациясы Сирия президенти Башар Асаддын өкмөтүн түрмөдөн миңдеген адамдарды массалык түрдө өлтүрүп, алардын сөөктөрүн борбор Дамасктын сыртындагы чоң крематорийде өрттөгөнү үчүн айыптады.

АКШнын Жакынкы Чыгыш боюнча башкы дипломаттарынын бири Стюарт Жонстун айтымында, Вашингтон ишенимдүү гуманитардык уюмдардан жана өлкөнүн чалгын жамаатынан алган маалыматтар Дамасктан 45 мүнөттүк жолдо жайгашкан Сайедная аскерий түрмөсүндө күн сайын 50дөй адам даргага асылып турганын ишара кылууда.

Жонс абакта өмүрү кыйылган сириялыктардын так санын айткан жок, бирок эл аралык Мунапыс уюмунун быйыл февралдагы баяндамасына шилтеме жасады.

Анда аталган түрмөдө 2011-2015-жылдар аралыгында өлтүрүлгөн адамдардын саны 5 миңден 11 000ге чейин жетери көргөзүлгөн.

Департамент түрмө комплексинин крематорийге ылайыкташкан имаратынын жаңы сүрөттөрүн да жарыялады.

Мамлекеттик департаменттин өкүлү Стюарт Жонс белгилегендей, алардын ишениминде “крематорийдин курулушу Сайедная түрмөсүндөгү массалык кыргынды жаап-жашыруу аракетинде жасалган”.

Спутниктен 2013-жылдан бери тартыла баштаган сүрөттөр түрмө комплексиндеги имарат накта крематорий экенин далилдебейт, бирок курулуштун түзүлүшү ошол максатка ылайыкташканын көрсөтүүдө.

АКШ дипломаты Сирия өкмөтү беш кишилик камераларда 70ке жакын адам кармаларын да белгиледи.

Расмий Вашингтондун мындай айыптоосуБУУ демөөрчүлүк кылган тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн жаңы айлампасы башталардан бир күн мурда жасалды.Сүйлөшүүлөр Женевада бүгүн ачылды.

Анын буга чейинки беш айлампасында каршылашкан тараптар конкреттүү жыйынтыкка жетише алган эмес. Сириянын алтыжылдан берки жарандык согушунда 320 миңден ашуун кишинин өмүрү кыйылды. (UE)

XS
SM
MD
LG