Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:26

Бишкекте кыйноого кабылгандар үчүн реабилитациялык борбор ачылды


Абактагы адам.
Абактагы адам.

Кыйноого кабылгандарга жардам берүү максатында Бишкекте "Альтер-Эго" деп аталган алгачкы реабилитациялык борбор ачылды."Азаттык үнү" коомдук фондунун базасында уюштурулган борбордун ачылыш аземи 16-майда болду. Адистер белгилешкендей, негизги көңүл кыйноого кабылгандарга психикалык жардам берүүгө бурулат. Келечекте Ошко да филиал ачуу мерчемделген.

Аталган коомдук фонд 2007-жылдан бери адам укуктарын коргоо жана кыйноолорго каршы күрөшүү багытында программаны ишке ашырып келген. Жумушту мындан ары атайын борбордун алкагында улантышат. Каржылык көмөктү БУУ, Евробиримдик жана башка эл аралык уюмдар берүүдө.

Кыйноого кабылгандар Бишкек шаарынын Киев көчөсү 69\4 дарегине кайрылса болот. Телефону 0 312-91-04-07.

Кыргыз бийлиги өлкөдө кыйноолор азайганын айтканы менен, эл аралык укук коргоо уюмдары абактарда кыйноого кабылуу фактылары токтобой келатканын белгилешет. Акыркы жылдары мындай окуялардан улам бир канча милиционерге кылмыш иши козголгон. (SE)

XS
SM
MD
LG