Ак үйдө АКШ жана Түркия президенттери Дональд Трамп менен Режеп Тайып Эрдоган жолукту. 16-май күнкү биргелешкен маалымат жыйынында эки лидер тең негизинен терроризмге каршы күрөшүү тууралуу сөз кылышты.
Трамп Түркияда террордук уюм деп таанылган Күрдистан жумушчу партиясы жана «Ислам мамлекети» экстремисттик тобу өңдүү террордук топторго каршы күрөшүүдө Вашингтон Анкарага колдоо көрсөтүүсүн уланта тургандыгын билдирди.
Эрдоган террордук уюмдар жок кылынышы керектигин айтып, андай топтордун катарына күрттөрдүн «Демократиялык союз» жана анын куралдуу канаты эсептелген Элдик коргонуу отряды да кирерин билдирди. Түркия президенти бул уюмдар менен кызматташууга болбой турганын белгиледи.
Өткөн аптада Вашингтон мүчөлөрүнүн көбү күрттөрдүн коргонуу топторунан турган «Сириянын демократиялык күчтөрүнө» аскердик жардам көрсөтүү планын жактырган.