Линктер

ишемби, 18-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 07:31

Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука - Жаңы-Базар - Кировка жолунда тоодон кулаган таш аралаш кум-шагыл бир жүк ташуучу автоунааны басып калды. Кырсык 16-майда түндө жолдун Чаткал районундагы Терек-Сай айыл аймагында болгон.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, машинеде 30 жаштагы айдоочудан тышкары дагы бир адам бар болчу. Экөөнүн тең абалы дурус.

Учурда жол тазаланууда. Бирок таш кулоо коркунучу бар болгонуна байланыштуу тазалоо иштерине тоскоолдук жаралып атат. (SE)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG