Линктер

ишемби, 25-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 11:46

Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү билдирди.

Маалыматка караганда, жолугушууда президент өлкөдөгү улуттук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат алды.

Абдил Сегизбаев террорчулук жана диний экстремизм менен күрөш, террордук багыттагы кылмыштарды алдын алуу иштерин күчөтүү аракеттери жөнүндө айтып берди.

Укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча, Ирак жана Сириядагы диний радикал согушкерлердин катарына кошулган кыргызстандыктардын саны 500дөн ашуун.

Кыргызстандын абактарында экстремизм жана террорчулукка айыпталган 185 киши отурат. Орусиянын Санкт-Петербург шаарында 3-апрелдеги ондон ашык адамдын өмүрүн алган жардырууга шектелгендердин арасында орус жарандыгын алган кыргызстандыктардын да аты аталган. ​(NT)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG