Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:50

Ооганстан: мамлекеттик телеканалдын ичинде атышуу уланып жатат


Жалалабад шаарынын көчөлөрүндөгү өкмөттүк армиянын аскерлери.
Жалалабад шаарынын көчөлөрүндөгү өкмөттүк армиянын аскерлери.

Ооганстандын чыгышындагы Жалалабад шаарында куралчан адамдар мамлекеттик телеканалдын имаратына кирип барышкан соң атышуулар уланып жатат.

Нангархар провинциясынын губернаторунун маалымат катчысы Атаулла Хогиянинин айтымында, 17-майда Ооганстандын РТА каналынын имаратына бир нече адам чабуул койгон.

Хогияни атышуу шаар администрациясынан анча алыс эмес жерде жайгашкан телевидениенин имаратынын ичинде уланып жатканын кошумчалады. Азырынча кол салгандар үчөө болушу мүмкүндүгүн жана алардын экөө жанкечтилер экени боолгонууда.

Күбөлөр белгилегендей имараттын ичинде ал жакта иштегендер камалып калышкан. Кол салуу үчүн жоопкерчиликти азырынча эч бир уюм өз мойнуна ала элек. Апрель айынын соңунда "Талибан" кыймылынын жоочулары жазгы чабуулдарын баштаганын билдирген.

XS
SM
MD
LG