Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:38

Эрдоган: Анкара АКШнын күрттөр менен кызматташуусун тааныбайт


Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган жана Кошмо Штаттардын лидери Доналд Трамп.
Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган жана Кошмо Штаттардын лидери Доналд Трамп.

Түркия эч качан Кошмо Штаттардын күрттөр менен кызматташуусун тааныбайт. Бул тууралуу Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган 16-майда Вашингтондо Кошмо Штаттардын лидери Дональд Трамп менен жолугушкандан кийинки маалымат жыйында айтты.

Эрдоган ошондой эле Жакынкы Чыгышта "террордук уюмдарга орун жок" деп кошумчалады. Бир апта мурда Кошмо Штаттар Сириядагы күрттөрдөн куралган Элдик коргонуу кошуундарын курал менен камсыздай турганын билдирген. Анкара бул уюмду Түркияда тыюу салынган Күрт жумушчу партиясы менен байланышы бар террордук топ деп эсептейт.

Анткен менен Эрдоган менен Трамп эки тараптуу алакалардын өнүгүшүн бекемдөөнү убада кылышты. Түркиянын президенти Вашингтондон бозгундагы диниятчы Фетхуллах Гүленди экстрадиция кылышын күтөрүн билдирди. Гүленди Анкара 2016-жылдагы төңкөрүш аракетинин артында турган деп айыптап келет.

Эки президенттин алгачкы жолугушуусун утурлай укук коргоочулар жана Эрдогандын каршылаштары демонстрацияларга чыгышып, Трамптан Түркиядагы адам укуктары жана демократия маселелерин көтөрүүнү талап кылышты.

XS
SM
MD
LG