Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:54

Ислам шериктештиги оюндары: кыргызстандык үч балбан финалга чыкты


Каныбек Жолчубеков.
Каныбек Жолчубеков.

Азербайжандын Баку шаарында өтүп жаткан IV Ислам шериктештиги оюндарында грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын үч балбаны финалга чыгышты. Мелдештерге катышкан Кыргызстандын делегациясынын маалымат катчысы Бакыт Шүкүралиевдин “Азаттык” радиосуна билдиришинче, 17-майда аталган оюндарда грек-рим күрөшү боюнча таймаштар башталып, Кыргызстандын намысын төрт балбан коргоду.

59 килограммга чейинки салмакта Каныбек Жолчубеков чейрек финалда иорданиялык Алькаде Мостафа Султан Раекти 10:0 эсебинде, жарым финалда азербайжандык Мурад Мамадовду 5:3 эсебинде жеңди. Эми финалда өзбекстандык Исломон Бахрамов менен таймашат.

71 килограммга чейинки салмакта күч сынашкан кыргызстандык Руслан Царев чейрек финалда түркмөнстандык Жейхун Овездурдыевди 8:0, жарым финалда Ирак балбаны Аль Салихи Таха Ясин Дабираны 3:0 эсебинде утту. Алтын байге үчүн таймашта Царев ирандык Герае Мохаммадали менен беттешет.

98 килограммга чейинки салмакта күрөшкөн кыргыз балбаны Үзүр Жусупбеков чейрек финалда түркиялык Сулейман Демирчини 7:5 эсебинде, жарым финалда түркмөнстандык Кыяс Эсеновду жеңди. Эми финалда азербайжандык Орхан Нурийев менен күч сынашат.

80 килограммга чейинки салмакта килемге чыккан Атабек Азизбеков чейрек финалда азербайжандык Рафиг Хусейновго жеңилип калды. Азербайжан балбаны жарым финалда алжирлик Сид Азара Бачирди 4:1 эсебинде утуп финалдык беттешке жолдомо алгандыктан, Жусупбековго коло байге үчүн таймашууга жол ачылды.

Финалдык таймаштар Бишкек убактысы боюнча саат 19:00дө башталат.

12-майда башталган IV Ислам шериктештиги оюндары 22-майга чейин уланат. Мелдештерге 54 мамлекеттен 3000ге жакын спортчу катышып, 269 топтом медал ойнотулууда. Кыргызстандан спорттун 11 түрүнөн 68 спортчу катышып жатат. Учурда медаль алган өлкөлөрдүн катарында Кыргызстан дзюдочулар алган бир алтын, үч коло байге менен 16-катарда. Алтын медалды Юрий Краковецкий (+100 кг.), коло байгелерди Отар Бестаев (60 кг.), Бектур Рысмамбетов (73 кг.) жана Владимир Золоев (81 кг.) алган. (ECh)

XS
SM
MD
LG