Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:35

Ооганстандагы чабуул үчүн жоопкерчиликти ИМ алды


Жалалабад шаарындагы атышуудан эки жайкын тургун набыт кетти.
Жалалабад шаарындагы атышуудан эки жайкын тургун набыт кетти.

Ооганстандын чыгышындагы телеканалдын имаратына жасалган чабуулдан эки жайкын тургун курман болду. Коопсуздук күчтөрү менен жоочулардын ортосундагы атышуу бир нече саатка созулду.

17-май күнү төрт согушкер RTA каналынын имаратына кол салышкан, алардын экөө жанкечти болгон. Кол салгандардын баары жок кылынды. Бул тууралуу Нангархар провинциясынын губернаторунун маалымат катчысы Аттаулла Хогияни билдирди. Жарадарлардын саны 13кө жетти. Күбөлөрдүн айтымында, имараттын ичинде бир нече адам камалып калган.

Чабуул үчүн жоопкерчиликти "Ислам мамлекети" экстремисттик уюму өз мойнуна алды.

XS
SM
MD
LG