Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:52

HRW Бакуну активист Рустамзадени токтоосуз бошотууга чакырды


Төрт жылдан бери камакта жаткан активист Илкин Рустамзаде.
Төрт жылдан бери камакта жаткан активист Илкин Рустамзаде.

Эл аралык Human Rights Watch (HRW) уюму Азербайжан бийликтерин төрт жылдан бери камакта жаткан активист Илкин Рустамзадени токтоосуз бошотууга чакырды.

Баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан уюм 17-майда тараткан билдирүүдө "Активисттин камалышынын тарыхы бийлик ага таккан айыптардай эле эч акылга сыйбайт"-деп жазылат.

HRW маалымдагандай, НИДА демократиячыл жаштар уюмунун мүчөсү, блогер жана бийликти сындап келген Илкин Рустамзаде Youtube социалдык тармагына жайгаштырылган сатиралык видеого тартылганы үчүн "бейбаштык" айыбы боюнча камалган. Кийин бийлик ага каршы "2013-жылдагы тынчтык митингдеринде массалык башаламандык уюштурган" деген айып таккан.

Эл аралык уюм 21 жаштагы студент 2014-жылдын май айында "адилетсиз соттук териштирүүдөн кийин" сегиз жылга эркинен ажыратылганын билдирди.

Amnesty International уюму аны абийир туткуну катары тааныган.

XS
SM
MD
LG