Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:52

Жээнбеков: лизингге 1 миллиард сомдон ашык каражат каралды


Кыргыз өкмөтү лизинг программасын өнүктүрүүгө 1 миллиард сомдон ашык каражат бөлдү. Бул тууралуу премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бүгүн бешинчи «Айыл-Агро-2017» агроөнөр жай көргөзмөсүнүн ачылышында билдирди. Анын айтымында, акыркы жылдары өкмөт өлкөнүн агрардык тармагын техникалык жабдуулар менен камсыздоо боюнча иштеп жатат:

- Өлкөнүн машина-трактордук паркын жакшыртуу максатында айыл чарба техникаларын лизингге берүү боюнча чаралар көрүлүүдө. Акыркы беш жылда жалпы суммасы 2,2 миллиард сом болгон 2 миңден ашык техникалар берилди. 2020-жылга чейин машина-трактордук станцияларды түзүүнү кеңейтүү программасы ишке ашууда.

Бишкектеги эски аянтта бүгүн бешинчи "Айыл-АГРО 2017" эл аралык көргөзмөсү ачылды. Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, 19-майга чейин улана турган иш-чарага ондон ашык өлкөдөн өкүлдөр катышууда. Долбоор өкмөт, «Айыл Банк» жана Орусиянын «Росагромаш» ассоциациясынын колдоосу менен өткөрүлүп келет. (NT)

XS
SM
MD
LG