Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:26

Милиция: Ошто "Элдик курултайдын" катышуучулары кармалган жок


Ош шаары.
Ош шаары.

Ош шаарында "Элдик курултай" кыймылынын жыйынына чогулган айрым кишилерди милиция бир-эки саатка кармаганы тууралуу маалыматты Шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы төгүндөдү.

- Шаардык милиция эч кимге тийишкен жок, кармаган жок, - деди басма сөз катчы Замир Сыдыков.

Ош облустук Ички иштер башкармалыгы да мындай маалымат чындыкка дал келбестигин билдирди.

Бүгүн "Байсан" кафесинде "Элдик курултай" кыймылынын жыйыны уюштурулган. Анын мүчөсү Кадыр Кошалиев милиция кызматкерлери келгендерди тарап кетүүгө үндөгөнүн, айрымдарын бир-эки саатка кармаганын "Азаттык" радиосуна билдирген.

"Элдик курултай" жыйыны бардык облустарда өттү. 21-майда Бишкекте республикалык жыйын өтөт.

Өткөн айда Бишкекте өздөрүн улуттук мекенчил күчтөр деп атаган топ жыйынга чогулуп, Туруктуу элдик кеңеш түзүшкөн. Анын курамына экс-башкы прокурор Азимбек Бекназаров, Убактылуу өкмөт мүчөсү Эмилбек Каптагаев баштаган саясатчылар кирген. (SE/NT)

XS
SM
MD
LG