Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков бүгүн бир күндүк иш сапар менен Нарын облусуна барат. Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, бул сапар эки апта мурун аймактарды кыдыруу боюнча премьер-министрдин күн тартибине киргизилген.
Жээнбеков Кочкор жана Жумгал райондорунда социалдык, экономикалык мекемелерди көрүп, Евразия экономикалык биримдигинин шартына жараша аймакта аткарылып жаткан иштерди текшерет. Андан тышкары, түндүк-түштүк альтернативалык жолунун курулушуна байкоо салат.
Кыргызстан социал демократтар партиясынын (КСДП) саясий кеңеши 17-майда Сооронбай Жээнбековду президенттик кызматка талапкер катары сунуштаган. (SE)