Кыргызстандагы карылардын мүмкүнчүлүгү улуттук конференцияда талкууланат. 18-19-май күндөрү "Достук" мейманканасында өтчү жыйынды "Улгайган кишилерди коргоо" коомдук бирикмеси бир канча эл аралык уюмдар менен бирге уюштурууда.
Аталган коомдук бирикменин аткаруучу директору Гүлмира Эсенгелдиева "Азаттык" радиосуна билдиргендей, конференцияда карыларга ылайыктуу шарт түзүү боюнча мамлекеттик саясат талкууланат. Андан тышкары, бул жаатта өкмөт менен мамлекеттик эмес уюмдардын кызматташтыгы талдоого алынат.
- Кыргызстан эгемендик алгандан бери улгайган адамдарды колдогон программа кабыл алынбаптыр. Мамлекет бул маселеге көңүл бурушу керек,- деди Эсенгелдиева.
Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына ылайык, өлкөдө 400 миңден ашуун улгайган адам бар. (SE)