17-майда Европарламенттин жаңы төрагасы Антонио Таяни жана Евробиримдикте төрагалык кылып жаткан Мальтанын премьер-министри Жозеф Мускат шаркетке мүчө өлкөлөр менен Украина ортосундагы виза режимин жоюу макулдашуусуна кол коюшту.
Страсбургдагы кол коюу аземине Украинанын президенти Петро Порошенко катышты.
Макулдашуу жакынкы арада Евробиримдиктин расмий журналына жарыяланат. Жарыялангандан 20 күн өткөн соң гана Украина жарандары үчүн визасыз каттам күчүнө кирет.
Келишимге ылайык, Евробиримдикке мүчө өлкөлөргө Украинанын бардык жарандары биометрикалык паспорттор менен кире алат. Мындай укук орусиячыл козголоңчулардын карамагындагы Луганск жана Донецк облустарынын тургундары жана Орусия 2014-жылы аннексиялап алган Крымдын жашоочуларына да берилет.