Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:01

Вашингтондо түрк элчилигинин алдында эки адам кармалды


Вашингтондогу Түркия элчилигинин алдында болгон мушташ.
Вашингтондогу Түркия элчилигинин алдында болгон мушташ.

Вашингтондогу Түркия элчилигинин алдында болгон кагылышта эки киши кармалып, тогузу жараат алды. Бул тууралуу жергиликтүү бийликтер маалымдашты.

Элчиликтин алдына митингге чыккан күрт жана армян демонстранттары аларга 16-майда Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогандын тарапташтары жана өлкө башчысынын жеке жансакчылары кол салганын айтышууда. Түркиянын "Анадолу" мамлекеттик агенттиги кабарлагандай, урушка Эрдогандын жансакчылары катышкан, бирок алар акцияга чыккандардын чагымчыл аракеттерине жооп катары каршылык көрсөтүшкөн.

NBC каналынын Вашингтондогу бөлүмү маалымдагандай, уруш чыккан маалда Эрдоган элчиликтин ичинде болгон. Мамлекеттик департамент бул окуя боюнча комментарий берүүдөн баш тартты.

Окуя Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Ак үйдө АКШнын лидери Дональд Трамп менен жолугуп, Сириядагы күрт козголоңчуларын куралдандыруу боюнча Вашингтондун чечимин сынга алгандан кийин болду.

Эрдоган Жакынкы Чыгышта "террордук уюмдарга орун жок" деп кошумчалады. Бир апта мурда Кошмо Штаттар Сириядагы күрттөрдөн куралган Элдик коргонуу кошуундарын курал менен камсыздай турганын билдирген. Анкара бул уюмду Түркияда тыюу салынган Күрт жумушчу партиясы менен байланышы бар террордук топ деп эсептейт.

Анткен менен Эрдоган менен Трамп эки тараптуу алакалардын өнүгүшүн бекемдөөнү убада кылышты.

XS
SM
MD
LG