АКШ 2015-жылдагы “өзөктүк келишим” боюнча, Иранга карата санкцияларды жумшартуунун улантууда. Ошол эле маалда Тегерандын ракеталык сыноолоруна байланыштуу каржылык чектөөлөр киргизилди.
Чектөөлөр Иран коргоо министрлигинин эки аткаминерине, бир ирандык жана үч кытайлык компанияга, ошондой эле бир Кытай жаранына тиешелүү.
Бул чечимди Мамлекеттик департамент жана Каржы министрлиги 17-майда Конгресске сунуштады. Билдирүүдө АКШ "Жакыңкы Чыгыштагы абалды чыңалтууга шыкакчы болгон Ирандын аракеттерине каршы турары" айтылат.
Тегеран Сириядагы жарандык согушта Башар Асаддын режимин, Йеменде козголоңчу хуситтерди жана Ливанда радикалдуу “Хезболла” тобун колдойт.
Трамп шайлоо өнөктүгү маалында эгер Тегеран өзөктүк программаларын токтотсо, соода-экономикалык санкцияларды акырындык менен алуу тууралуу келишимди жокко чыгарышы мүмкүн экенин билдирген.
19-майда Иранда президенттик шайлоо өтөт. АКШ менен өзөктүк келишимге кол койгон азыркы президент Хасан Роухани экинчи мөөнөт үчүн ат салышууда.