Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:15

Кулаган карусель акыркы жолу 26-апрелде текшерилген


Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын курулуш жана муниципалдык менчик бөлүмүнүн башчысы Мирлан Исраилов билдирди. Анын айтымында, Навои багында кулаган аттракциондорду Expert Holding аттуу ишкана 26-апрелде текшерип чыгып, эки аттракционго “Оңдоо талап кылынат” деп корутунду чыгарып берген. Анын бири Айбек Алимбеков аттуу ишкерге таандык карусель болгон. Оштогу аттракциондорго бир нече жылдан бери аталган мекеменин адиси Юрий Воронин экспертиза жүргүзүп келет.

Жарандарды тейлөөгө жараксыз деген корутунду берилгенден бир ай өтпөй 15-майда карусель кулаган. Натыйжада сегиз адам ооруканага түшкөн. Учурда алардын үчөө дарыланып жатышат.

Бул окуяга байланыштуу Ош шаардык милициясы “техникалык каражатты колдонуу эрежесин бузуу” деген берене менен кылмыш ишин козгогон. (YI)

XS
SM
MD
LG