Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:48

АКШ НАТОдон чыгышы мүмкүндүгүн дагы бир жолу эскертти


АКШ президенти Дональд Трамп.
АКШ президенти Дональд Трамп.

АКШ президенти Дональд Трамп НАТО боюнча союздаш мамлекеттердин коргонууга бөлгөн каражатты көбөйтүү ниетине ыраазы. Бирок убадалар аткарылбаса, ал альянстан чыгуу маселесин караштырарын Ак үйдөгү жогорку даражалуу аткаминерлердин бири маалымдады.

- Азырынча ал ордуна, ал НАТОдо калууну көздөйт. Президент учурдагы көрүнүштөргө ыраазы. Бирок НАТОго мүчө мамлекеттер прогресске жетүү аракеттерин тездетпесе, ал бул уюмда мындан ары каалууга ниети жок,-деди Ак үйдүн өкүлү 17-майда чет элдик журналисттер үчүн өткөрүлгөн маалымат жыйында.

Өткөн айда Трамп альянс "эскиргенин" айткан. Кошмо Штаттардын президенти НАТО өлкөлөрү коргонуу чыгымдарын көбөйтүп, каржылык жүктү Кошмо Штаттар менен чогуу көтөрүүсү керектигин президенттикке талапкер кезинде эле айтып жүргөн.

Трамп НАТОнун 25-майга мерчемделген саммитине катышуусу күтүлүүдө.

Аскерий альянска мүчө өлкөлөр он жыл ичинде коргонуу чыгымдарын ички дүң өнүмдүн 2% үлүшүнө жеткирүүгө 2014-жылы эле милдеттенме алган. Учурда бул чекке беш гана өлкө жете алды.

XS
SM
MD
LG