Тажикстандын баш калаасы Душанбеде жана өлкөнүн башка чоң шаарларында кыймылсыз мүлккө болгон баа соңку айларда кескин төмөндөп кетти.
Турак жай боюнча эксперттердин билдиргенине караганда, Тажикстанда үйлөр өткөн жылдарга салыштырмалуу 15-20% арзандады. Буга Орусиядагы эмгек мигранттары тарабынан суроо-талап азайганы себеп болуп жатат.
"Зарафшони Сино" курулуш компаниясынын жетекчиси Холмурод Курбоновдун айтымында, Орусиядан батир алуу үчүн акча салгандардын саны азайды.
Маселен, ушул тапта Душанбенин четиндеги жаңы конуштардагы батирдин бир чарчы метри 300-450 долларды түзөт. Ал эми калаанын борбордук бөлүгүндө бир чарчы метр 1000-1200 доллар болууда. Буга карабай Тажикстандын баш калаасында көп кабаттуу үйлөрдүн курулушу токтогон жок.