Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:40

Үгүт материалдары боюнча "Өнүгүү-Прогресске" эскертүү берилет


Иллюстрация
Иллюстрация

Жалал-Абад облустук шайлоо комиссиясы туура эмес жерге илинген үгүт жарнактары үчүн "Өнүгүү-Прогресс" партиясына эскертүү берип, үч күн ичинде аларды алууга сунуш берет. Бул тууралуу бүгүн саясий партиялардын үгүт жарнактарын текшерүүгө алган атайын рейддин учурунда белгилүү болду.

Маалыматка караганда аталган партия шаардагы мамыларга жана кээ бир жеке турак жайларга уруксаты жок үгүт материалдарын илип чыккан. Мындан сырткары рейддин жүрүшүндө “Мекеним Кыргызстан” жана “Ата Журт” партияларынын айрым үгүт жарнактарын алдыруу боюнча билдирүү берилет.

28-майда Жалал-Абад шаардык кеңешине мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтөт. Ага “Ата-Журт”, "Өнүгүү-Прогресс", КСДП, “Мекеним Кыргызстан”, “Кыргызстан”, “Республика” жана “Бүтүн Кыргызстан” партиялары кытышууда. 31 мандат үчүн мурда шайланган беш партиянын депутаттары мэр шайлоодо бир пикирге келе албай, ушул жылдын март айында өзүн өзү тараткан. (RsK)

XS
SM
MD
LG