Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:16

Иранда бүгүн "жымжырттык күнү"


Эртең Иранда өтчү президенттик шайлоо алдында "жымжырттык күнү" жарыяланып, бардык үгүт иштери токтотулду.

Негизги жарыш азыркы өлкө башчысы Хасан Роухани менен белгилүү диниятчы Эбрагим Раиси ортосунда жүрөрү күтүлүүдө. Ал эми бул жолку шайлоо өнөктүгүнүн саясий өңүтүнөн албаганда, мурдагы добуш берүүлөрдөн өзгөчөлүгү - талапкерлердин социалдык тармактардагы үгүт иштерине басым жасаганы болду.

Иранда "Телеграмм" эң популярдуу социалдык тармак катары саналат. ИСНА маалымат агенттиги билдиргендей өлкөдө "Телеграмм" менен жыйырма миллиондой адам колдонот.

Иранда 19-майда өтчү президенттик шайлоого төрт талапкер ат салышууда. Бул жолку добуш берүү Тегерандын ядролук программасы боюнча келишим үчүн сыноо катары сыпатталууда.

XS
SM
MD
LG