Линктер

жекшемби, 21-январь, 2018 Бишкек убактысы 20:37

Акыркы коңгуроо салтанаты үчүн мыйзамсыз акча чогултуулар көзөмөлгө алынат. Ал үчүн алдын алуу, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүшү керек. Бул тууралуу бүгүнкү өкмөттүн жыйынында вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова билдирди. Ал акча чогултуу фактылары катталса директорлор жооп берерин кошумчалады.

Буга чейин Кыргызстанда акыркы коңгуроо майрамын оюн-зоок жайларда, кафе, ресторандарда жана жаратылышта өткөрүүгө, бул үчүн акча чогултууга тыюу салуу боюнча буйрукка билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева кол койгон. Буйруктун аткарылышы ар бир мектепте күнү-түнү көзөмөл уюштуруу менен камсыз кылынары айтылган.

Кыргызстанда 2200дөй мектеп бар, аларда билим алган окуучулардын саны 1 миллиондон ашат. Акыркы коңгуроодогу коопсуздукту камсыз кылуу үчүн 4 миңдей милиция тартылат. (KЕ)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG