Анкара Вашингтонду "Ислам мамлекети" радикал уюмуна каршы эл аралык коалициядагы АКШнын элчисин кызматтан кетирүүгө чакырды.
Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу 18-майда элчи Бретт МакГрек Түркияда тыюу салынган Күрт жумушчу партиясына жана Сириядагы куралдуу күрт кошуундарына колдоо көрсөтүп жатканын билдирди. Күрт маалымат каражаттарынын белгилешинче, МакГерк 17-майда Сириянын түндүгүндөгү күрттөр көзөмөлдөгөн аймактарга барып, ал жактагы Элдик коргонуу кошуунунун (YPG) жетекчилери менен жолуккан.
- Бул кишини алмаштырышса жакшы болмок, - деди Чавушоглу НТВ каналына маек куруп жатып. Ушул жумада Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган Вашингтондо АКШ президенти Дональд Трамп менен жолуккан.
Трамп Түркияда террордук уюм деп таанылган Күртстан жумушчу партиясы жана «Ислам мамлекети» экстремисттик тобу өңдүү террордук топторго каршы күрөшүүдө Вашингтон Анкарага колдоо көрсөтүүсүн уланта тургандыгын билдирди.
Эрдоган террордук уюмдар жок кылынышы керектигин айтып, андай топтордун катарына күрттөрдүн «Демократиялык союз» жана анын куралдуу канаты эсептелген Элдик коргонуу кошууну да кирерин билдирди. Түркия президенти бул уюмдар менен кызматташууга болбой турганын белгиледи.
Өткөн аптада Вашингтон мүчөлөрүнүн көбү күрттөрдүн коргонуу топторунан турган «Сириянын демократиялык күчтөрүнө» аскердик жардам көрсөтүү планын жактырган.