Линктер

дүйшөмбү, 11-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 15:41

Даниялык журналисттер кыргыз парламенти менен таанышууда


Даниялык журналисттер ЖК депутаты Аида Касымалиева менен парламент имаратында.

Даниялык журналисттер тобу Кыргызстандагы парламенттик башкаруу системасы менен таанышуу максатында Бишкекке келишти.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы 18-майда билдиргендей, чет элдик медианын өкүлдөрү Кыргызстанда президенттик башкаруудан парламенттик башкарууга өтүү жараяны, сөз эркиндиги жана демократия көрсөткүчтөргө байкоо салып жатышат. Аларды башкаруу бийлигиндеги жаш саясатчылардын ишмердиги да кызыктырууда.

Андан тышкары даниялыктар өлкөнүн социалдык-экономикалык, миграция жана диний абалы жаатында да кыргыз кесиптештеринен маалымат алып жатышат. Ошондой эле парламенттин басма сөз кызматынын иши менен таанышты.

Чет элдик журналисттер эки тараптуу кызматташуунун негизинде чакырылган. (SE)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG