Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:13

Кара-Көлдө имам окуучуларга үй-бүлө куруу боюнча сабак өтүүдө


Кара-Көл шаарынын башкы имам хатиби Бектен ажы Керезбаев мектептин бүтүрүүчү класстарына үй-бүлө маселесинде сабак өтүүдө.

Муфтияттын басма сөз кызматы 18-майда билдиргендей, имам №1, №4 орто мектептерде "Бактылуу үй-бүлө" темасында тегерек үстөл өткөрүп, өспүрүмдөргө шарият жолунда баш кошуу, жубайлык милдеттер, бала тарбиялоо маселесинде насаат айтты. Андан тышкары, ата-эненин алдындагы милдеттерди сөз кылып, илим үйрөнүүгө үндөдү.

Соңку кездери жергиликтүү бийликтер жана укук коргоо органдары дин ишмерлери менен кызматташып, ушул сыяктуу жолугушуулар тез-тез уюштурулууда.

Кыргызстандын Баш мыйзамына ылайык, дин мамлекеттен ажыратылган. Өлкө мектептерине "Дин таануу" сабагын киргизүү бир канча жылдан бери талаш жаратып келатат. (SE)

XS
SM
MD
LG