Кошмо Штаттардын президенти Доналд Трамп бейшемби күнү "Твиттердеги" баракчасында анын шайлоо штабынын Орусия менен ыктымал байланыштарын иликтөө үчүн атайын прокурор дайындалганына байланыштуу ал "АКШ тарыхында саясатчыга карата эң ири куугунтукка (охота на ведьм)" кириптер болуп жатканын жазды.
Бир күн мурда Кошмо Штаттардын Юстиция министрлиги Трамптын штабынын Орусия менен байланыштары болгон-болбогонун иликтөө үчүн атайын прокурор кылып Федералдык иликтөө бюросу - ФБРдин мурдагы башчысы Роберт Мюллерди дайындаган.
Трамп шайлоодогу атаандашы, демократ Хиллари Клинтон менен мурдагы президент Барак Обаманын "мыйзамсыз аракеттерин" иликтөө үчүн атайын прокурор эч убакта дайындалбаганын белгиледи. Бирок ал өзү атаган "мыйзамсыз аракеттер" кайсылар экенин чечмелеген жок.
Атайын прокурордун иликтөөсү канчага созулары азырынча белгисиз.
Быйыл жыл башында АКШнын чалгын мекемелери Орусия АКШнын былтыркы президенттик шайлоосуна кийлигишкен деп бүтүм чыгарып, ФБРдин иликтөөсү мына ошол тыянакка негизделген болчу.
Орусия мындай ырастоолорду четке кагып келет.