Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:46

Сирияда ИМ тобу өкмөттүк күчтөрдүн турумуна чабуул жасады


Сирияда «Ислам мамлекети» террордук тобунун согушкерлери 50дөн ашык кишини өлтүрүп, ондогон адамды жарадар кылды. Набыт болгондордун арасында кеминде 15 жай тургун бар.

Өлкөдөгү абалга мониторинг кылып жүргөн сириялык активисттер билдиришкендей, ИМ тобунун согушкерлери Хама провинциясында өкмөттүк күчтөрдүн көзөмөлүндөгү эки кыштакка чабуул жасашкан. Атышууда кол салгандардын 15тен ашыгы өлтүрүлгөн.

Ирактын өкүлү Фалех ал-Файад кечээ Дамаскта Сирия президенти Башар Асад менен жолугуп, террорчуларга каршы күрөшүү боюнча аскердик кызматташуу маселесин талкуулаган. Учурда Ирак учактары Сириядагы ИМ тобуна каршы аскердик операцияларды жүргүзүүдө. Бүгүнкү күндө «Ислам мамлекетинин» жоочулары Сириянын чыгышындагы жана Ирактын түндүк-батышындагы аймактардын кыйла бөлүгүн элеп турушат.

18-майда Женевадагы сүйлөшүүлөр маалында Асад режиминин өкүлдөрү Сириядагы конституциялык жараян боюнча «расмий эмес кеңешүүлөр» башталганын билдиришкен. Ошол эле маалда делегация башчысы Башар ал-Жаафари Дамаск башкалардын өлкөнүн баш мыйзамын өзгөртүүгө кийлигишүүсүнө жол бербей турганын айткан.

XS
SM
MD
LG