Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:00

Милициянын жооптуу кызматкерине кылмыш иши козголду


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнүн жооптуу кызмат адамына кылмыш иши козголду.

Облустук прокуратурадан “Азаттык” радиосуна билдиришкендей, бул кызматкер Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси (кызмат абалынан пайдалануу) боюнча айып тагылды.

Маалыматка караганда, аты-жөнү ачык айтылбаган кызматкер каржылык алешемдиктерге жол берген.

Топтолгон материалдар тергөө үчүн УКМКга жөнөтүлгөн.

Мындан мурда ИИМдин басма сөз кызматы "өз милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбаган, убактылуу кармоочу жайларга көзөмөл кылбаган жана олуттуу кемчиликтерге жол берген" деген негизде Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысын кызматтан алуу сунушу келгенин айткан. Ошондой эле юридикалык баа берүү үчүн материалдар облустук прокуратурага жөнөтүлгөнүн билдирген. (RsK)

XS
SM
MD
LG