Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:19

УКМК Садыр Жапаровдун ишин Башкы прокуратурага жиберди


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Камактагы экс-депутат Садыр Жапаровго карата кылмыш ишин иликтөө аяктап, Башкы прокуратурага жиберилгенин УКМК билдирди.

Маалыматка караганда, тергөө 19-майда Жапаровго козголгон кылмыш иштин материалдарын карап чыгып, андан ары сотко өткөрүп берүү үчүн Башкы көзөмөл органына жолдогон.

Бишкек шаардык соту 4-майда камактагы экс-депутат Садыр Жапаровдун адвокаттарынын доо арызын карап, Биринчи май райондук сотунун өкүмүн күчүндө калтырган эле.

24-апрелде Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен Садыр Жапаровдун баш коргоо чарасы аныкталып, 28-майга чейин №1 тергөө абагында камакта калган. Саясатчынын адвокаттары буга макул болбой аны үй камагына чыгаруу өтүнүчү менен Бишкек шаардык сотуна доо арыз беришкен.

Экс-депутат Садыр Жапаров 25-мартта кыргыз-казак чек арасынан кармалып, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине жеткирилген. Ага "адам өмүрүнө коркунуч келтирүү", "барымтага алуу", "ээнбаштык", "бийлик өкүлүнө күч колдонуу" беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгону жарыяланган. Биринчи май райондук соту ал кармалгандан кийин тергөө бүткөнгө чейин камакка алынсын деген чечим чыгарган болчу.

Ошол эле күнү УКМК алдында топтолгон анын тарапташтары милиция менен тирешип, кармалган жүздөй адамдын ичинен 12 киши эки айга соттолгон. Арасында Садыр Жапаровдун баласы жана агасы бар. (NT)

XS
SM
MD
LG