Бүгүнкү добуш берүүнүн натыйжасында ирандыктар Батыш менен карым-катыш түзүүнү көздөгөн же өлкөнү кайра изоляцияга кайтаруучу саясатчыны тандоосу керек.
Шайлоо марасына жеткен төрт талапкер ичинен экинчи төрт жылдык мөөнөтүнө кайра шайланууну көздөгөн азыркы президент Хасан Роухани менен консерватор диниятчы Ибрахим Раиси башкы атаандаштар.
Бүгүнкү президенттик шайлоо 56 жаштагы Роуханин дүйнө державалары менен Ирандын өзөктүк программасы боюнча талашты жөнгөрүүнү караган макулдашууга жетишкен саясаты үчүн референдум катары да каралууда.
Башкача айтканда, азыр көбүрөөк эркиндикти, ачык экономиканы убада кылып жаткан Роухани кокус шайлоодо жеңсе, эл ошол саясатты колдогон болот.
Роуханинин башкы атаандашы Раиси -Ирандагы саясий, аскерий жана диний бийликтин эгеси саналган аятолла Али Хаменеиге ишенимдүү адам. Раиси Роуханини дүйнөгө алсыздыкты көргөзүп жатканы үчүн сынга алган.
Талдоочулардын пикиринде, элдин шайлоого активдүү катышуусу Роуханинин пайдасына ойношу мүмкүн. Анткени, мурунку шайлоолор калк шайлоого жигердүү катышкан учурда реформачыл жана баистүү талапкерлер жеңишке жетишкенин көргөзгөн.
Өлкөдө добуш берүүгө укуктуулардын саны 55 миллион. Көз карандысыз сурамжылоолор Роухани атаандашынан 20%га жакын алдыда экенин ишара кылган.
Бирок, Иранда коомдук пикирди сурамжылоолордун жыйынтыгы кандай болбосун анчалык ишеним жарата бербейт.(UE)