Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:09

Былтыр Кыргызстанга 171 мигранттын сөөгү келген


Орусиядагы чет элдик мигранттар.
Орусиядагы чет элдик мигранттар.

Мындай маалыматты бүгүн парламенттеги КСДП фракциясынын жыйынында өкмөткө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Медетбек Айдаралиев билдирди.

Анын айтымында, мигранттардын сөөгү көбүнчө Орусиядан келген. Андан кийинки орунда Казакстан турат. Ошондой эле алыскы чет өлкөлөрдө каза тапкандар да бар.

Маалыматка караганда, чет мамлекеттерде каза болгон кыргызстандыктардын сөөгүн алып келүүгө бюджеттен жыл сайын 5 миллион сом бөлүнөт. (NT)

XS
SM
MD
LG