Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:50

Атамбаев: эненин ишине бир да эркек чыдабайт


"Баатыр энелерди" сыйлоо аземи. Бишкек. 19-май, 2017-жыл.
"Баатыр энелерди" сыйлоо аземи. Бишкек. 19-май, 2017-жыл.

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн бардык облустардан, Бишкек жана Ош шаарларынан келишкен көп балалуу энелерди “Баатыр эне” ордени менен сыйлады. Президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү билдиргендей, мамлекет башчы кыргызстандыктарды келе жаткан Энелер күнү менен куттуктады:

"Наристе дүйнөгө, айлана-тегерекке алгачкы түшүнүктөрдү энеден алат. Ыйман, мээрим, кайрат сыяктуу сапаттар балага эне сүтү, бешик ырлары, жомоктор аркылуу өтөт. Эненин ишине бир да эркек чыдабайт! Мына мен убагында сугатчы, короо кайтаргыч, жүк ташуучу, инженер, экономист, ишкер, депутат, министр, премьер-министр болуп иштегем. Азыр президент болуп иштеп жатам", - деген Атамбаев "кандай баланы тарбиялап, өстүрүп жатам, келечеги кандай болот” деген суроону ар бир жаран өзүнө берип, баланы бешиктен баштап тарбиялаш керектигин дайыма эстеп жүрүүгө энелерди чакырды.

Президенттин жарлыгына ылайык, бүгүн жети жана андан ашык балалуу 1 618 энеге “Баатыр эне” ордени, алты баланы толук кандуу тарбиялаган 551 аялга “Эне даңкы” медалы берилди. Кыргызстанда жыл сайын май айынын үчүнчү жекшембисинде Энелер күнү белгиленет. (NT)

XS
SM
MD
LG