Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:34

Трамп алгачкы чет элдик сапарга чыгууда


Дональд Трамп Ак үйдөгү басма сөз жыйында. 18-май, 2017-жыл.
Дональд Трамп Ак үйдөгү басма сөз жыйында. 18-май, 2017-жыл.

Дональд Трамптын президенттик кызматка киришкенден берки алгачкы чет элдик сапары АКШнын өзүндө анын шайлоо штабынын Орусия менен былтыркы ыктымал байланыштарын иликтөө боюнча кризис тереңдеген учурга туш келүүдө.

Ак үй Трамптын Сауд Аравия, Израиль, Италия, Ватикан жана Брюсселге визити АКШнын эң башкы, өзгөчө Жакынкы Чыгыштагы өнөктөштөрү менен тыгыз мамилесин чыңдайт деп үмүттөнүүдө. Сауд Аравия жана Израиль АКШнын Жакынкы Чыгыштагы эң жакынкы өнөктөштөрү. Ал аймактагы сапары учурунда палестин президенти Махмуд Аббас менен да кездешет.

Эксперттер Трамп АКШнын жөөт-палестин чатагы, айрыкча Иерусалим шаарынын талаштуу макамы боюнча саясатындагы кандайдыр бир олуттуу өзгөрүүнү ишара кылабы деп күтүшүүдө. Ал эми Брюсселде АКШ президенти НАТО боюнча өнөктөштөр менен кездешет.

Трамп жана анын администрациясы аскерий альянстын европалык мүчөлөрүнө коргонуу чыгым көбөйтүп, НАТОнун каржылык жүгүн чогуу көтөрүшүүнү утур-утур эскертип жатат.

Брюсселден соң АКШ президент "Чоң жетинин" Италиядагы саммитине катышат.

Мамлекеттик катчы Рекс Тиллерсон 18-майдагы билдирүүсүнө караганда, президент Трамптын алгачкы чет элдик сапары АКШ дүйнөлүк проблемалардын көбүнө кайра кийлигише турганын да ишара кылууда. (UE)

XS
SM
MD
LG