Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Октябрь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 05:55

Баткен: жети окуучу белгисиз заттан ууланды


Ноокен районунун аймактык ооруканасы.

Баткен районунун Бужум айылындагы орто мектептин 7-классынын жети окуучу кызы 18-май күнү түштөн кийин ооруканага кайрылышкан. Райондук билим берүү башкармалыгынан "Азаттык" радиосуна билдиришкендей, кыздардын дем алуусу оорлоп, башы ооруган. Аймактык оорукананын маалыматы боюнча азыр бир окуучу бейтапкананын жандандыруу бөлүмүндө жатат. Калгандарынын абалы жакшы.

Окуянын чоо-жайы териштирилип жатат. Алдын ала маалымат боюнча сабак ортосундагы тыныгуу учурунда окуучу бала көчөдөн таап алган алтын күкүрткө (сера) окшогон же пиротехника сыяктуу затты күйгүзүп, окуучулар анын түтүнүнө ууланган.

17-апрелде Балыкчыдагы №3 Канат Абдылдаев атындагы мектептин коридорундагы жаман жыттан 14 окуучу ууланып, ооруканага жеткирилген. Мектептин окуучусу апасынын өзүн коргоодо колдонулчу (перцовый газ) газын көтөрүп келип, аны балдар коридордо сээп жибергени аныкталган.

12-майда Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Тоскоол-Ата айылында Назир Токторбаев атындагы №5 орто мектептин окуучулары белгисиз заттан уулануу белгилери менен ооруканага түшкөн. Алар суудан ууланган болушу мүмкүндүгү айтылган. Окуучулар мектеп кампасындагы суудан ичип, бадам менен өрүктүн быша элек мөмөсүн жешкенин айтып беришкен. Саламаттык сактоо министрлиги Ноокенде балдардын уулануу себеби аныктала электигин билдирди. (JsA/NT)

XS
SM
MD
LG