Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:05

Ооганстанда полиция кызматкери беш кесиптешин атып салды


Нангархар провинциясынын борбору Жалалабадда мамлекеттик телевидениенин имаратына кол салынган учур. 17-май, 2017-жыл.
Нангархар провинциясынын борбору Жалалабадда мамлекеттик телевидениенин имаратына кол салынган учур. 17-май, 2017-жыл.

Расмий өкүлдөр билдиргендей, окуя өлкө чыгышындагы Нангархар провинциясында болду.

Провинциядагы Гани Хел районунун акими Вахаб Моманддын айтымында, полиция кызматкери беш кесиптешин алар 18-май күнү көзөмөл бекетте уктап жаткан учурда атып салган жана ал жердеги куралдарды жыйнап, качып кетүүгө да үлгүргөн.

Бул кол салуу үчүн азырынча эч бир топ жоопкерчилик ала элек.

Пакистан менен чектеш Нангархар провинциясында Талибандын да, «Ислам мамлекети» террордук тобунун да согушкерлери бар.

Мындан эки күн мурда төрт согушкер провинция борбору Жалалабадда мамлекеттик телевидениенин имаратына чабуу жасап, коопсуздук күчтөрү менен бир нече саат атышкан.

Согушкерлердин өзүн кошкондо он адам мерт болгон кол салуу үчүн «Ислам мамлекети» тобу жоопкерчилик алды. (UE)

XS
SM
MD
LG