Кыргызстанда 20-майда айрым тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолорго кар жаайт. Калган аймактарда күн ачык. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 8...13, күндүз 21...26;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 7...12, күндүз 20...25;
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 9...14, күндүз 24...29;
Баткенде түнкүсүн 9...14, күндүз 24...29;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 4...9, күндүз 18...23;
Нарын облусунда түнкүсүн 2...7, күндүз 17...22 градуска чейин жогорулайт.
Бишкекте 20-майда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 10...12, күндүз 23...25 градуска чейин жогору болот.