Линктер

шаршемби, 24-май, 2017 Бишкек убактысы 03:12

Иранда добуш берүү убактысы кайрадан узартылды


Президент жана талапкер Хасан Роухани добуш берүүдө. Тегеран, 19-май, 2017-жыл.

Баштапкы эреже боюнча добушканалар жергиликтүү убакыт боюнча саат 18:00до жабылышы керек. Бул мөөнөт алгач эки саатка, 20:00го чейин узартылган.

Мамлекеттик телеканал муну шайлоо бекеттерине элдин арбын келип жатканы менен түшүндүрдү.

Мунун артынан добуш берүү убактысы дагы эки саатка, 22:00го чейин узартылды.

Мамлекеттик телеканал добуш берүү убактысынын узартылышын шайлоочулар добушканаларда кезек күтүп жатканы менен байланыштырды.

Жума күнкү добуш берүүнүн натыйжасында ирандыктар президенттикке Батыш менен карым-катыш түзүүнү көздөгөн же өлкөнү кайра изоляцияга кайтаруучу саясатчыны тандаганы аныкталат.

Шайлоо марасына жеткен төрт талапкер ичинен экинчи мөөнөтүнө кайра шайланууну көздөгөн азыркы президент Хасан Роухани менен консерватор диниятчы Эбрахим Раиси башкы атаандаштар.

Президенттик шайлоо 56 жаштагы Роуханинин дүйнө державалары менен Ирандын өзөктүк программасы боюнча талашты жөнгө салууну караган макулдашууга жетишкен саясаты үчүн референдум катары да каралууда.

Башкача айтканда, азыр көбүрөөк эркиндикти, ачык экономиканы убада кылып жаткан Роухани кокус шайлоодо жеңсе, эл ошол саясатты колдогон болот.

Роуханинин башкы атаандашы Раиси Ирандагы саясий, аскерий жана диний бийликтин эгеси саналган аятолла Али Хаменеиге ишенимдүү адам. Раиси Роуханини дүйнөгө алсыздыкты көргөзүп жатканы үчүн сынга алган.

Талдоочулардын пикиринде, элдин шайлоого активдүү катышуусу Роуханинин пайдасына ойношу мүмкүн. Анткени, мурдагы шайлоолор калк жигердүү катышкан учурда реформачыл жана баистүү талапкерлер жеңишке жетишкенин көргөзгөн.

Өлкөдө добуш берүүгө укуктуулардын саны 55 миллион. Көз карандысыз сурамжылоолор Роухани атаандашынан 20% жакын алдыда экенин ишара кылган.

Бирок Иранда коомдук пикирди сурамжылоолордун жыйынтыгы кандай болбосун анчалык ишеним жарата бербейт.(UE)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG