Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:49

Спикер кырсыктан жабыркагандардын абалы менен таанышты


ЖК төрагасы Ч. Турсунбеков Чоң-Алайда. 19-май
ЖК төрагасы Ч. Турсунбеков Чоң-Алайда. 19-май

Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков баштаган депутаттар 20-майда Өзгөн районундагы Жалпак-Таш айылынын жер көчкүдөн жабыркаган тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу спикердин басма сөз катчысы Мирлан Токталиев "Азаттык" радиосуна билдирди.

Айылда турак жайлары жер көчкү алдында калып, тургундар өздөрү коопсуз жакка көчүрүлгөн. Эрте жаздан бери аймакта тынымсыз жылып келе жаткан жер көчкү 45 үйдү, бир ФАПты, айылдагы мечитти, көрүстөндү, мектепти жана 35 электр мамысын басып калган. Аталган айылга спикердин фондунан 500 миң сом жардам көрсөтүлдү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, кооптуу аймакта жалпы 61 үй, төрт социалдык объект - мектеп, бала бакча, ФАП жана мечит жайгашкан.

Жогорку Кеңештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков 19-майда Алай районунда жана жер титирөөдөн жабыр тарткан Чоң-Алай районунун Кара-Тейит, Кара-Мык, Жекенди, Шибээ айылдарына барып, табигый кырсыктан жапа чеккен үйлөр жана социалдык мекемелердин абалы менен таанышкан.

Бул айылдарда силкинүүнүн кесепетинен 529 үй, эки оорукана, бир мектеп авариялык абалда деп табылган, анын ичинде сегиз үй жашоого жараксыз. Учурда беш айылдын үч миңден ашуун тургуну 550 чатырда баш калкалап келет.

Төрага Чыныбай Турсунбеков бул айылдардагы авариялык үй ээлеринин абалын сурап, спикердин фондунан материалдык жардам көрсөттү. Эл өкүлдөрү Кара-Мык айылындагы оорукана авариялык абалга келгендиктен, чатырларда дарыгерлердин кароосунан өтүп жаткан жергиликтүү элдин саламаттыгын да сурашты.

Аталган айылдардын тургундары бул өрөөндө кыш эрте келерин эске салып, турак жай куруу үчүн ссуда берүү маселесин колдон келишинче ыкчам чечип берүүнү өтүнүштү. Ошону менен катар, банктардан насыя алган жарандар аларды төлөө мөөнөтүн узартуу жагынан да кол кабыш кылууну суранышты. Жергиликтүү калкты түйшөлткөн башкы маселелердин бири – үй салганга курулуш материалдарын өз баасында алуу тууралуу да сөз болду.(YI/ZKo)

XS
SM
MD
LG