Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:26

ФБРдин мурдагы башчысы Сенатта маалымат берет


Жеймс Коми Сенатта майдын аягына белгиленген ачык угууда көрсөтмө берүүгө макулдук берди.

Сенат комитети Комиден АКШдагы президенттик шайлоого Орусиянын кийлигишүүсүн иликтөөнүн жүрүшү жана акыркы убактарда басма сөзгө чыгып жаткан айыңдар тууралуу маалыматтарды угууну каалап жатышканын комитет жетекчиси Ричард Берр маалымдады.

Акыркы он күндөн бери америкалык маалымат каражаттарында президент Трамп Комиден коопсуздук боюнча мурдагы кеңешчиси Майкл Флинндин Орусия менен байланышын иликтөөнү токтотууну суранганын жазып жаткан.

Эксперттердин айтуусунда, президенттин бул аракети сот адилеттигине бут тосуу катары сыпатталуусу ыктымал. Ак үй бул маалыматтарды жокко чыгарууда.

XS
SM
MD
LG