Ош мамлекеттик университетинин окутуучусу, жаш акын, “Азаттык” радиосунун блогери Улукбек Омокеевдин “Ата-Cүйүү” аттуу ырлар жана эсселер жыйнагы басылып чыкты. Ага акындын ырлары, поэмалары жана күнүмдүк ой толгоолору кирген.
Китептин баш сөзүн жазган педагогика илимдеринин доктору Абдыкерим Муратов бул эмгеги менен Улукбек Омокеев поэзиянын экинчи баскычына көтөрүлгөнүн белгилеген. Буга чейин акындын дагы бир ырлар жыйнагы жарык көргөн эле. (BCh)