Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:58

Бишкекте "Жүрөктөн жүрөккө" деп аталган жармаңке болду


20-май күнү Бишкекте улгайган адамдардын колунан жаралган буюмдардын көргөзмө-жармаңкеси болуп өттү.

Уюштуруучулардын белгилешинче, иш-чара коомчулуктун жана мамлекеттин көңүлүн улгайган адамдарга жардамдашууга буруу максатында жыл сайын өткөрүлүп келет. Анда карылар өздөрү жасаган буюм-тайымдарды сатуу менен кошумча киреше таба алат дешет уюштуруучулар.

Жармаңкеге Бишкек шаарынан тышкары Ысык-Көл, Чүй облустарынын карыялары да катышты. Иш-чараны улгайган адамдар арасындагы шахмат турнири, лотерея жана майрамдык концерт коштоду.

Көргөзмө жармаңкени эл аралык AgeNet International тармагы Бишкек мэриясы менен бирге өткөрдү.(ZKo)

XS
SM
MD
LG