Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:41

Бүгүн Кыргызстанда Энелер күнү


Буга байланыштуу парламент төрагасы кыргызстандык энелерди куттуктады.

Спикер Чыныбай Турсунбеков өзүнүн жана жалпы парламенттин атынан жолдогон куттуктоосунда кыргыз элинде энелердин, жалпы эле аял затына урмат менен мамиле жасалганын белгилейт. "Кылым карыткан кыргыз эли кызды төрдөн төмөн түшүрбөй, төбөсүнө үкү байлап, аздектеп өстүрүшкөн. Суук сөздөн, жаман көздөн оолак кармап бөпөлөп багышкан. Анткени болочоктогу эне болчу кыз баланы улуттун уӊгусу катары карап, урпак улоочу деп санашкан. Өзгөчө биздин эл аялзатынын даражасын үй-бүлөдө гана эмес, коомдук деӊгээлде да эркектер менен теӊ көрүп, күчтүү эр-азаматтын артында, акылы тунук, касиеттүү эне турарына ишенишкен. Ошондон улам кыргызда Кыз Сайкалдай, Жаӊыл Мырза, Курманжан даткадай апалар арбын чыккан" деп айтылат куттуктоодо.

Төрага бүгүнкү күндө да Кыргызстанда энелер бир үй- бүлөнүн гана жүгүн көтөрүп, очогун жандырбай, жалпы мамлекетти алга сүрөп келе жатканын белгилеп, жалпы кыргызстандык энелердин баарын майрамы менен куттуктаган.

Энелерге карата куттуктоосун Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов да жолдоду. Борбор калаа башчысы балдарын түмөн түйшүктүү эмгек менен, зор мээнет менен тарбиялап өстүргөн ардактуу апаларга таазим этип,терең ыраазычылыгын билдирген.

Президент Алмазбек Атамбаев Энелерди майрамы менен 19-май күнү куттуктап, жети жана андан ашык балалуу 1 миң 618 энеге “Баатыр эне” орденин, алты баланы толук кандуу тарбиялаган 551 аялга “Эне даңкы” медалын ыйгарган.

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин жардыгы менен 2012-жылдан бери май айынын үчүнчү жекшембиси Энелер күнү деп белгиленип келет.(ZKo)

XS
SM
MD
LG