Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:44

Берлинде "чоң жыйырманын" саламаттык сактоо министрлери жолукту


Ичеги-карын палочкасы
Ичеги-карын палочкасы

Берлинде “Чоң жыйырманын” саламаттык сактоо министрлери чогулду. Алар биринчи кезекте антибиотикти тоготпостук өсүп жатканын талкуулады. Бул боюнча улуттук чараларды 2018-жылдан тарта көрүү чечимине келишти.

Быйыл “чоң жыйырмага” төрагалык кылган Германия жолугушууну "маанилүү жылыш" деп атады. Бул ирет экономикасы күчтүү алдыңкы жыйырма өлкө антибиотикти милдеттүү түрдө рецепт боюнча сатууну чечүү маселесине токтолушту.

Евробиримдиктин маалыматы боюнча Европанын 28 өлкөсүндө 25 миңдей адам жыл сайын ар кандай жаңы вирустардын айынан каза табат.

Жолугушуунун жыйынтыгы тууралуу “чоң жыйырманын” июль айында Гамбургда өтчү жыйынында маалымат берилет.

XS
SM
MD
LG